Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Франциянын Авиньон шаарында өтүп жаткан “Avignon Off 2026” эл аралык театралдык фестивалынын алкагында Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын “Бугу Эне” спектаклинин премьерасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Спектакль Авиньондогу “Arrache Coeur” театрынын сахнасында көрсөтүлүп, кыргыз маданиятын жана театр өнөрүн эл аралык көрүүчүлөргө таанытты. Спектакль көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна ээ болуп, театр адистери жана эксперттер тарабынан жогору бааланды.
Аталган спектакль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде даярдалган. Инсценировканын автору — Бурул Асанова, спектаклдин режиссёру — Азамат Болорбек уулу.
Белгилей кетсек, “Бугу Эне” спектакли 25-июлуна чейин фестивалдын алкагында көрсөтүлүп, Франциядан жана башка өлкөлөрдөн келген көрүүчүлөргө тартууланат.