Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда "UIM F1H2O дүйнө чемпионатында экологиялык талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, бул мелдеш 1981-жылдан бери уюштуруп келе жатат. Бул ирет сууда өтө турган жарышка 25 катышуучу келет. Мелдеш түз эфирде 100 өлкөгө көрсөтүлөт. Спорттук иш-чараны көрүүгө Кыргызстанга 10 миңдей турист келери күтүлүүдө. Жалпы дүйнө жүзү боюнча Формула-1 жарышынын 800 миллионго жакын күйөрманы бар.

Эдуард Кубатов белгилегендей, ондогон жылдардан бери уюштуруп келе жаткан мелдештин экологиялык тартиби жана эл аралык стандарттары абдан жогору.
“Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык талаптары суудагы Формула-1 мелдешинде дыкат аткарылат. Эгерде жарыш экологияга зыян келтирсе, Шанхай, Сидней шаарларында же Түндүк Америкада же ошол эле Италия, Жиддада өтпөйт эле да. Бул экологияга зыян экен деп туруп, өткөрүлмөк эмес. Суудагы Формула жарышы дүйнөдөгү эң ири чемпионат болуп саналат. Ошол мелдеш тарыхта биринчи жолу Ысык-Көлдө өтөт. Жүз өлкөгө Кыргызстандын Ысык-Көлү таанылат. Бир дагы тамчы күйүүчү май сууга түшпөйт. Экологиялык талаптарды сактоого көңүл бурган атайын комиссия, экспертиза болот. БУУнун адистери менен биргеликте иш жүргүзөбүз. Эгерде комиссиянын чечими башкача болсо, анда биз жарышты токтотобуз”, - деди ал.
Мындан улам Эдуард Кубатов Формула-1 жарышы боюнча жалган сөздөрдү айтып, элди дүрбөлөңгө салуу туура эмес экендигин айтат.
“Биз Кыргызстанга мындай чоң долбоорлорду алып келбесек, кантип өнүгөбүз. Көлдө атайын топ иштейт. Эки катер дайындалат. Кырсык болуп, жарыш учурунда катерлер кагылышып кетсе, тез арада катерди жээкке чыгарганга аракет кылабыз. Ошол эле маалда кайыкта экологияга зыян тийгизбегендей эки системасы бар. Экөө тең кагылышканда иштеп баштайт. Кайык сууга чөкпөшү үчүн атайын коопсуздук жаздыкчасы жардам берет. Ошондуктан мында абдан жогору деңгээлдеги технология иштейт”, - деп белгиледи ал.
Кубатовдун айтымында, жарышты уюштуруп келген эл аралык федерация жалпысынан 200дөн ашык иш-чараларды өткөргөн. Алдыда дагы он жылдан кийин жарышка Кыргызстандын атынан катышуучу чыгып калышы мүмкүн. Бул өлкө үчүн чоң жетишкендик болот.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда UIM F1H2O дүйнө чемпионаты болот. Бул эл аралык спорттук иш-чара Ысык-Көлдө өткөрүлгөнү турат. Суу-мотордук Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты Борбор Азияда биринчи жолу өткөнү жатат. Мелдеш Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалын дүйнөлүк аудиторияга таанытууга мүмкүндүк берери айтылууда.