Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн Финансы министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелерине арналган кеңешме болуп өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, кеңешмени ачып жатып министр Руслан Сүйналиев мыйзамдуулукту сактоо, ачык-айкындуулук жана ак ниеттүүлүк принциптерин кармануу мамлекеттик органдын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.
Ошондой эле коррупциянын алдын алуу ар бир кызматкердин туруктуу көңүл буруусун жана активдүү катышуусун талап кылары айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле бул багытта Финансы министрлиги менен ыйгарым укуктуу органдардын өз ара кызматташуусун чыңдоо маселелери талкууланды.
Өз кезегинде Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү башкы башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Нурсултан Ташыбек уулу коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды мындан ары да күчөтүүнүн жана жамаатта коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата чыдамсыз мамилени калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Кеңешменин жыйынтыгында министрликтин кызматкерлерине коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга активдүү катышуу, ошондой эле документтердин долбоорлорун, демилгелерди жана чечимдерди кароодо жана макулдашууда коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен тыгыз кызматташуу сунушталды. Бул коррупциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоого жана алдын алууга мүмкүндүк берет.