Филиппиндин жээгинде 5,9 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө 6 август 2026 11:15
Филиппиндин жээгинде 5,9 баллдык жер титирөө катталды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. Филиппиндин жээгинде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматына таянып, ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Сарангани провинциясынан түштүк-батышты карай 32 чакырым алыстыкта жайгашып, 10 чакырым тереңдикте катталган.

Учурда жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек. Ошондой эле цунами коркунучу жарыяланган жок.