ФИФА дүйнөлүк чемпионаттын байге фондун көбөйттү

Дүйнө Загрузка... 07 Май 2026 18:35
WhatsApp Image 2026-04-30 at 09.22.17.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. ФИФА футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын байге фондун 871 млн долларга чейин көбөйттү. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул чечим уюмдун Канаданын Ванкувер шаарында өткөн кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

ФИФАнын маалыматы боюнча, көбөйүү 15%ды түзөт. Каражат турнирге катышкан 48 команданын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Уюм төлөмдөрдүн кайра каралышы турнирдин коммерциялык ийгилигине байланыштуу экенин белгиледи. Улуттук федерациялардын логистика, салык жана уюштуруучулук катышуу боюнча чыгымдарынын көбөйүшү да эске алынды.

Жаңыртылган шарттарга ылайык, ар бир команда мурда белгиленген 10,5 млн доллардын ордуна кеминде 12,5 млн доллар алат. Машыгуу төлөмдөрү ар бир команда үчүн 2,5 млн долларга чейин көбөйтүлдү, ал эми квалификациялык төлөм 10 млн долларга чейин көтөрүлдү.

Делегациялык чыгымдар үчүн кошумча субсидиялар жана билеттердин квотасы да берилет. Бул максаттарга 16 млн доллардан ашык каражат бөлүндү.

Кирешенин бир бөлүгү дүйнөлүк футболду өнүктүрүү үчүн ФИФАнын 211 мүчө ассоциациясы аркылуу кайра бөлүштүрүлөт.

2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионат 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Турнирге биринчи жолу 48 команда катышат.