Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Экономика жана бизнес тармагындагы эксперт Сергей Пономарев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эт азыктарын жеткиликтүү баада сатуучу мобилдик соода түйүндөрүн ишке киргизүү демилгеси боюнча пикирин билдирди. Ал мамлекет өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейинки жеткирүү чынжырындагы ашыкча ортомчуларды четтетип, социалдык маанилүү инфраструктураны куруп жатканына көңүл бурду.
"Мындай демилге, албетте, пайдалуу жана баарынан мурда биздин керектөөчүлөр үчүн пайдалуу болот. Кантсе да социалдык баалар кирешеси аз калк катмары үчүн маанилүү ролду ойнойт.
Бул жерде товардын өндүрүүчүдөн сатып алуучуга чейинки жолун кыскарткан түзүмдүн пайда болушу маанилүү. Башкача айтканда, ортомчулардын кызыкчылыктарын алып салууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул учурда фермерлер менен керектөөчүлөрдүн түз байланышта болушуна шарт түзүлөт. Эттин жеткиликтүү баада болушу калктын аялуу катмарын колдоо үчүн маанилүү болгондуктан, бул албетте, олуттуу демилге. Эгерде мындай инфраструктура толук кандуу фудтрактар тармагы катары курулса, анда бул дагы кызыктуу болот.
Биз жарманкелердин мисалында фермер рынокко түз чыга алса, баалар дайыма төмөн болорун көрүп жатабыз", - деп жыйынтыктады Сергей Пономарев.