Улуттар аралык кастыкка жол бербеш керек – тарыхчы

Пикир
Улуттар аралык кастыкка жол бербеш керек – тарыхчы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Улуттар аралык ынтымакты, биримдикти жана коңшу мамлекеттер менен достук мамилени сактоо өзгөчө маанилүү. Ар бир жаран өлкөдөгү тынчтыкты жана бейпилдикти сактоого салым кошушу керек. Бул тууралуу тарыхчы, профессор Дөөлөт Сапаралиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Тарыхчы мындай ойду президент Садыр Жапаровдун элди бөлүп-жарууга жана улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылгандарга карата айткан эскертүүсүнө карата айтты.

Ал белгилегендей, коңшу элдер менен ынтымакта болуу менен катар өлкө ичиндеги улуттар аралык мамилелерге да өзгөчө көңүл буруу зарыл.

“Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” дегендей коңшу элдерибиз менен ынтымакта болуу, мамлекет ичиндеги улуттар аралык мамилелерди бекемдөө өтө маанилүү. Мындай терс көрүнүштөргө жол бербешибиз керек.
Мамлекет башчыбыз туура белгилеп жатат. Өлкөбүздүн ар бир жараны тынчтыкта, бейпилдикте жана биримдикте жашашы керек. Жарандар достук, туугандык мамилелерди көздүн карегиндей сактап, ар кандай провокацияларга алдырбашы зарыл”, — деди ал.