Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Ош шаарынын мурдагы мэри, "Улут Биримдиги" саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов өлкөнүн түштүгүндө улут аралык жаңжалды козутуу аракеттери болушу мүмкүн экендиги тууралуу президент Садыр Жапаровдун кайрылуусуна карата билдирүү жасады.
Ал жарандарды сак жана кыраакы болууга чакырып, шектүү аракеттер байкалса, күч түзүмдөрүнө дароо кабарлоо зарыл экенин эскертти.
Мелис Мырзакматов 1990- жана 2010-жылдардагы кайгылуу окуяларды эске салып, Кыргызстан буга чейин этностук кагылышууну эки ирет башынан өткөргөнүн белгиледи.
”Чыгыш элдеринде мындай макал бар: “Эгер бир нерсе биринчи жолу болсо — бул кокустук, экинчи жолу кайталанса — дал келүүчүлүк, ал эми үчүнчү жолу кайталанса — мыйзам ченемдүүлүк”, — деди Мелис Мырзакматов.
Оштун мурдагы жетекчиси улут аралык жаңжал кандай кесепеттерге алып келерин өз тажрыйбасынан улам жакшы билерин айтты:
”2010-жылы Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап турганымда кандуу кагылышуу эмне экенин баштан аяк жакшы билем. Жаңжалдын келип чыгуу себептерин жана аны алдын алууну жакшы түшүнгөн адам катары сиздерге кайрылууну туура көрдүм”, — деп баса белгиледи Мелис Мырзакматов.
Анын пикиринде, шайлоо алдында саясий кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар саясий топтор жана радикалдык күчтөр жанданышы мүмкүн. Ошол эле кезде экс-мэр тышкы колдоосуз ири жаңжалды уюштуруу мүмкүн эмес экенин билдирди.
”Кандай гана саясий же башка топтор аракет кылбасын, алар тыштан колдоо болмоюнча ири масштабдагы улуттар аралык жаңжалды уюштура алышпайт. Мындай колдоо болбосо, алардын аракеттери локалдык чектен ашпайт. Ал эми биздин күч түзүмдөрүбүз мындай аракеттердин алдын алууга жана аларга өз убагында чара көрүп, бөгөт коюуга жөндөмдүү”, — деди ал.
Мелис Мырзакматов кыргызстандыктарды мүмкүн болуучу ар түрдүү чагымчыл аракеттерге кайдыгер карабоого чакырды. Анын айтымында, өзгөчө адамдар көп чогулган жерлерде — базарларда, коомдук транспортто, мечиттерде, салтанаттуу иш-чараларда жана башка коомдук жайларда сак абдан болуу зарыл.
”Эгерде жарандар шектүү чакырык же шыкак жасаган уюшкан топтордун же кишилердин шектүү аракеттерин байкашса, бул тууралуу дароо укук коргоо органдарына билдириши керек”, — деп белгиледи Оштун мурдагы мэри.
Мелис Мырзакматов эки башка этнос өкүлдөрүнүн жөнжай чырларына да ыкчам чара көрүү зарыл деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай окуяларга өз убагында укуктук баа берилип, алардын андан ары күчөп кетишине жол берилбеши керек.
Мындан тышкары, экс-мэр мечиттерде, кварталдык комитеттерде, жогорку окуу жайларында, эмгек жамааттарында жана жаштар арасында түшүндүрүү иштерин тыкыр күчөтүүнү сунуштады.
”Өлкөбүздөгү тынчтык жана коопсуздук кайсы гана саясатчынын жеке амбициясынан жана радикалдык саясий топтордун максаттарынан жогору турат, — деп баса белгиледи ”Улут Биримдиги“ партиясынын лидери.
Кайрылуусунун соңунда ал жарандарды ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана улутуна карабастан биримдикти сактоого чакырды.
Эске салсак, 12-ноябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров келип түшкөн ыкчам маалыматтарга караганда, айрым саясий күчтөр президенттик шайлоодо өлкө түштүгүндө кыргыздар менен өзбектердин ортосунда жаңжал чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашканын билдирген.
Анын айтымында, болжолдонуп жаткан чагымчыл аракеттер башаламандык уюштурууга жана шайлоону үзгүлтүккө учуратууга багытталышы мүмкүн.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.