Шайлоо алдында чагымчылдык болушу мүмкүн, бирок бизге туруктуулук керек – эксперт

Пикир
Шайлоо алдында чагымчылдык болушу мүмкүн, бирок бизге туруктуулук керек – эксперт

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Кыргызстандын жарандарын мамлекет башчысынын өлкөдө чыр-чатак чыгаруу аракеттери болушу мүмкүн деген эскертүүсүнө олуттуу мамиле кылууга чакырды.

Анын айтымында, шайлоо алдында чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн. Андыктан коомчулук анын кесепеттерин түшүнүп, деструктивдүү аракеттерди жана ниеттерди аныктоодо компетенттүү органдарга мүмкүн болушунча көмөк көрсөтүшү керек.

”Кыргызстанда шайлоо өнөктүктөрү салттуу түрдө ар түрдүү чагымчыл аракеттерге шылтоо болуп келет. Мунун себептери ар кандай, эски жана жаңы таарынычтар үчүн жеке өч алуудан тартып, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга сырттан таасир этүү аракеттерине чейин. Айрымдар үчүн бул акча табуунун жолу болуп саналат. Президенттин эскертүүсүнө өтө олуттуу мамиле кылуу зарыл. Мамлекет башчысы мындай билдирүүлөрдү өзгөчө учурларда гана жасайт. Демек, кырдаал ошону талап кылууда.
Кыргызстан азыр калыптануу баскычында турганы жана али жетиштүү деңгээлде бекемделе электиги тынчсыздандырат. Ошондуктан мындай белги алган коомчулук биригип, сергек болушу керек. Кыргызстанда чыр-чатак тутандырууга аракет кылгандардын колунда белгилүү бир ресурстар, айрым медиа каражаттарында мүмкүнчүлүктөр жана интернет мейкиндигинде атайын даярдалган “жактоочулар“ болушу мүмкүн. Мындай чагымчыл аракеттер чет өлкөдөн координацияланганы менен, эң ыплас иштердин бир бөлүгүн Кыргызстанда жүргөн ”активисттер“ аткарышат.
Ошондуктан жарандар сак болушу керек. Эгерде деструктивдүү аракеттери белгилери байкалса, күч түзүмдөрүнө кайрылуу туура болот. Учурда укук коргоо органдарыбыз менен атайын кызматтарда мындай көмүскө ишмердүүлүктү натыйжалуу аныктоого жана ага каршы турууга жетиштүү техникалык жана атайын каражаттар бар. ЖККУнун жана ШКУнун алкагында да кызматташтык жолго коюлган. Бул улуттук коопсуздук жана туруктуулук маселеси.
Кыргызстанда чагымчыл аракеттерди даярдоо коңшу мамлекеттер үчүн да белгилүү бир коркунучтарды жаратат. Мунун кесепети бүтүндөй Борбор Азияга сокку болушу мүмкүн экенин баары түшүнүп турат. Ошондуктан зарыл болгон учурда чагымчыл аракеттерди алдын алуу чаралары өнөктөштөр менен биргеликте көрүлөт.
Азыр өлкөнү кайрадан туруксуздукка кептеп, бийликти өткөрүп берүү жараянына жол бербөө үчүн биримдикте болушубуз керек. Кыргызстан үчүн туруктуулук — мындан аркы өнүгүүнүн негизги фактору”, — деди Шерадил Бактыгулов.