Калкты арзан жана сапаттуу эт менен камсыздоо үчүн мобилдик дүкөндөр ачылат

Коом Загрузка... 20 Январь 2026 13:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. "Кыргыз Агрохолдинг" ААК мобилдик эт сатуу пункттары долбоорунун бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анда калкты сапаттуу эт азыктары менен социалдык баада камсыз кылууга багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Анын алкагында заманбап мобилдик соода пункттарын (фудтрактарды) ишке киргизүү пландалууда.

"Бул демилге азык-түлүк жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүүчүдөн керектөөчүгө түз жеткирүү механизмин түзүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун ишке ашырылышы шаардын тургундарынын жана алыскы аймактардын жашоочуларынын эт азыктарына болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, ички рыноктун туруктуулугуна салым кошот.