Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун алдындагы Кыргыз тажрыйба селекциялык станциясынын питомниктери үчүн тамчылатып сугаруу материалдарын тапшырды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде 5 гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасы жана ар биринин сыйымдуулугу 5 тонналык үч цистерна кирет. Жабдуулар "Чакан фермерлер айыл чарба азык-түлүктөрүнүн туруктуу экосистемасынын инноваторлору катары” долбоорунун алкагында берилди.
Долбоор жашылча-жемиш өстүрүүгө адистешкен үй-бүлөлүк фермердик чарбалардын ресурстарга, заманбап технологияларга жана билимдерге жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.
Тамчылатып сугаруу системасын кийинки жылдын жазында вегетация мезгилине чейин орнотуу иштери аткарылат.