Фан-зона: Күйөрмандар Португалия – Өзбекстан беттешине күбө болушту

Коом 300 24 Июнь 2026 13:55
729115779_1376798844421799_8284446468984776646_n.jpg
730109677_1636185067441502_6329096130643023685_n.jpg
729692441_848252558128233_8191096599907339423_n.jpg
728580621_1542185807256143_5587582359857946225_n.jpg
730420955_2091474575132098_7599203314372714974_n.jpg
728653014_903382652790886_6082766155543783483_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кечээ, 23-июнда Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалдык этабынын экинчи турунун алкагында өткөн Португалия – Өзбекстан беттешин көрүү үчүн күйөрмандар аянтчасы уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн оюнду түз эфирде көрсөткөн чоң экран орнотулду. Иш-чарага футбол сүйүүчүлөрү көп санда чогулуп, командаларды колдоп, дүйнөлүк футбол майрамынын өзгөчө атмосферасын бирге сезүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

"Беттештин жүрүшүндө күйөрмандар аянтчасында өзгөчө шаңдуу жана эмоцияларга бай атмосфера өкүм сүрдү. Күйөрмандар эки команданы тең кызуу колдоп, борбор калаанын чок ортосунда чыныгы футбол майрамын жаратышты. Оюндун эң курч жана чечүүчү учурлары көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуусу жана кубаттоосу менен коштолду",-деп айтылат маалыматта.