Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Эми Европанын айдоочулук сертификатын алуу боюнча окутуу Кыргызстанда жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, президенттин тапшырмасына ылайык Европа тарап менен сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Анын негизинде Кыргызстанда европалык кесиптик айдоочунун сертификатын – Code 95 алуу боюнча окуу программасын ишке киргизүү тууралуу макулдашуу жетишилди.
"Окутуу лицензияланган европалык компаниянын катышуусунда жүргүзүлөт. Бул эң негизгиси биздин жарандарга Европа биримдигинин өлкөлөрүнө барбастан эле, ортомчусуз, керектүү квалификацияны алууга мүмкүнчүлүк түзүп, убакытты жана чыгымдарды олуттуу кыскартат. Бизге жеткен маалыматка ылайык Европа биримдигинин өлкөлөрүндө дагы Code 95 алууда да ортомчулар пайда болуп, чыгымдар 3000 еврого чейин чыгып жатыптыр", - деп жазды ал.

Мындан тышкары, Туманбаев аталган компания тарабынан жарандарды Европа өлкөлөрүнө ишке орноштуруу иштери да жүргүзүлөрүн кошумчалады.
"Мисалы, европалык компаниянын маалыматына ылайык, бир гана Германияга быйыл 500 миң оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары талап кылынат.
Code 95 сертификаты Европа биримдигинде жүк жана жүргүнчү ташуу менен алектенген айдоочулар үчүн милдеттүү талап. Бул сертификатка ээ болгон жарандар Европа биримдигинин аймагында расмий түрдө иштей алышат
Туманбаевдин айтымында, окутуу эки форматта жүргүзүлөт:
- 1 жумалык курс – 2009-жылдын 10-сентябрына чейин CE категориясын алган айдоочулар үчүн. Бул курс болжол менен 35 сааттык теориялык окутууну камтыйт. Мындан тышкары, ушуга жакын көлөмдө практикалык сабактар да болот;
- 3 жумалык курс – 2009-жылдын 10-сентябрынан кийин CE категориясын алган айдоочулар үчүн.

"Кыргызстанда окуудан өткөндөн айдоочулар Европага барганда кошумча экзамендерсиз жана кошумча окутуусуз эле Code 95 сертификатын ала алышат. Code 95 сертификаты улуттук айдоочулук күбөлүк менен бирге көрсөтүлгөндө жарактуу болот.
Бул долбоор Кыргызстандын жарандарынын эл аралык эмгек рыногунда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана айдоочулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Окутуунун башталышы жана катталуу шарттары боюнча кошумча маалымат берилет. Окуу ушул жылдын июнь-июль айларынан тартып башталмакчы", - деди ал.