Евробиримдик кыргызстандыктар үчүн виза режимин жеңилдетүүнү карап жатат

Коом Жүктөлүүдө... 16 Февраль 2026 16:38
632732154_1223588759954344_506778591772700519_n.jpg
632925304_1223588769954343_1991499103318516922_n.jpg
632927044_1223588966620990_3256757821139727467_n.jpg
633274454_1223588756621011_1237779933408325352_n.jpg
634143377_1223588849954335_2584897811250681565_n.jpg
634452339_1223588893287664_2273768654235463607_n.jpg
637373868_1223588929954327_4332092070513649485_n.jpg
637826931_1223588846621002_7931368174465843739_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 18-отуруму өттү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы жана депутаттар Салтанат Аманова, Махабат Мавлянова, Алтынбек Кылычбаев, Исманали Жороев катышты.

Европа парламентинин делегациясын Джузи Принчи жетектеп, анын курамында депутаттар Свен Симон, Тьерри Мариани, Кристиан Вигенин болду.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, соода-экономикалык байланыштар, инвестициялык климат, аймактык саясат, билим берүү жана гуманитардык байланыштар маселелери талкууланды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн эл өкүлү Салтанат Аманова парламенттер аралык кызматташтык Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүү механизми болуп саналарын белгилеп: "Биз бул диалогду мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдарбыз", – деди.

Депутат Алтынбек Кылычбаев да Кыргызстан Европа биримдиги менен саясий диалогду жана соода-экономикалык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүп жатканын айтты.

Визалык режимди жеңилдетүү маселеси да өзгөчө көңүл чордонунда болду. Алсак, Джузи Принчи: "Визалык режимди жеңилдетүү маселеси бүгүнкү күндө актуалдуу бойдон калууда. Бул маселе Европа биримдиги тарабынан каралып жатат", - деп билдирди.

Жыйынтыгында тараптар парламенттер аралык диалогду мындан ары да активдештирүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.