"Евразия" уюму Көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болду

Көчмөндөр оюндары-2026 26 августа 2026 11:00
IMG_1408.JPG.jpeg
IMG_1410.JPG.jpeg
IMG_1407.JPG.jpeg
IMG_1409.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1408.JPG.jpeg
IMG_1410.JPG.jpeg
IMG_1407.JPG.jpeg
IMG_1409.JPG.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы менен "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюм VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү алкагында кызматташуу боюнча макулдашты.

Катчылыктан билдиришкендей, тиешелүү келишимге "Евразия" уюмунун Кыргызстандагы аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов кол коюшту.

Өнөктөштүктүн алкагында "Евразия" уюму салттуу спорт түрлөрү, маданият, тарыхый мурас жана көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарынын айланасында ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бириктире турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө колдоо көрсөтөт.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого эл аралык кызматташуу жана маданий диалог баалуулуктарын бөлүшкөн уюмдардын кошулуп жатканы биз үчүн маанилүү. Бүгүнкү күндө Оюндар спорттук иш-чара гана эмес, элдерди маданият, салт-санаа жана жалпы тарыхый мурас аркылуу бириктирген чоң эл аралык аянтча болуп калды. "Евразия" уюмун VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөштөрүнүн катарында тосуп алып жатканыбызга кубанычтабыз", — деди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мекени болуп саналат жана буга чейин Оюндарды 2014, 2016 жана 2018-жылдары өткөргөн.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы спорттук, маданий жана илимий багыттарды камтып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген катышуучуларды жана конокторду бириктирет.