Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Эттин баасынын жогорулашы ички жана тышкы факторлорго байланыштуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” түз эфиринде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди.
Анын айтымында, кошуна мамлекеттерде да этке болгон баа өсүп жатат. Мисалы, Казакстанда эттин килограммы орто эсеп менен 1 миң сомго жетсе, Өзбекстанда да ушундай абал. Тажикстанда болсо 1 килограмм эт 1 миң 200 сомго сатылууда.
“Бул баалар бизге да таасирин тийгизет. Айыл чарба министрлиги тирүү малды экспорттоого тыюу салган токтом кабыл алган. Бирок, башка өлкөлөрдөн этти алып келүүгө чектөө жок. Биз азыр импортту көбөйтүп, экспортту азайтууга аракет кылып жатабыз”,- деди Орозбаев.
Ал белгилегендей, бир адам күнүнө орточо 150 грамм эт жесе, жылына өлкөдө 300 миң тонна эт талап кылынат. Муну камсыз кылуу үчүн жыл сайын кеминде 1,2 миллион баш мал союлушу керек.
“Бул чоң көрсөткүч. Ошол эле учурда мындай көлөмдөгү малды багып, жеткирүү да оңой эмес. Бул маселелер эттин баасына түз таасирин тийгизүүдө. Ооба, баа өсүүдө - бул чындык. Бирок, биз кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз”,- деп кошумчалады ал.