Эскертүү! Карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

Коом Загрузка... 28 Май 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.56.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. 1-июндан тартып "Газпром Кыргызстан" компаниясы керектелген жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерине көгүлтүр отту берүүнү убактылуу токтотот.

Ишканадан билдиришкендей, келишимге ылайык, газды кайра кошуу карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин 3 иш күндүн ичинде жана акы төлөнүүчү негизде (кошумча чыгым менен) жүргүзүлөт.

Мындан улам, компания абоненттерди 1-июнга чейин карыздарын төлөөгө чакырат.

Карызды ай сайын келүүчү эсеп-дүмүрчөктөн, gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен жана "Газпром Кыргызстан" же "Мой Дом" мобилдик тиркемелеринен билсе болот.

Газ үчүн төлөмдөрдү компаниянын филиалдарынан, банктардын тиркемелеринен жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүүгө мүмкүн.