Эсептик ченди 12% деңгээлинде сактоо Кыргызстандагы инфляцияны басаңдатат

Экономика Загрузка... 02 Июнь 2026 12:50
94e4a3e3-1465-4784-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде сактоо Кыргызстандагы инфляцияны басаңдатууга шарт түзөт. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын апталык макроэкономикалык серебинде айтылат.

Банктын аналитиктери Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик ченди 12% деңгээлинде өзгөрүүсүз калтыруу чечимине баа беришти.

ЕАӨБдүн эксперттери белгилегендей, финансылык жөнгө салуучу орган инфляциялык процесстерди басаңдатуу үчүн акча-насыя саясатынын инструменттерин колдонууда. Бул чара макроэкономикалык туруктуулукту камсыздап, улуттук валютанын позициясын бекемдейт.

Финансылык рыноктогу акыркы өзгөрүүлөр:

  • Овернайт кредиттери боюнча чен 14% деңгээлинде өзгөрүүсүз сакталды;
  • Овернайт депозиттери боюнча чен 6%дан 10%га чейин көтөрүлдү.
"Жогорудагы кадамдар калктын жана бизнестин каражат топтоого тезирек өтүүсүнө түрткү берет. Акча-насыя саясатынын мындай чаралары инфляциянын басаңдашына жана анын максаттуу багыт болгон 5-7%дык чекке кайтып келишине өбөлгө түзөт деп эсептейбиз", - деп айтылат ЕАӨБдүн расмий маалыматында.