Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы, саясат таануучу Эсен Усубалиев "Кабар" агенттигине комментарий берип, Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити тууралуу пикирин билдирди.
"Баарынан мурда, өткөн саммитти Кыргыз Республикасынын дипломатиясынын – жаңы, жаңыланган жана демилге көтөрүүгө жөндөмдүү активдүү дипломатиянын талашсыз ийгилиги катары кароого болот. Ал азыркы шартта Кыргызстан мындай масштабдагы иш-чараларды өткөрүүгө жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында гана эмес, андан тышкары да жогорку деңгээлдеги диалог үчүн зарыл болгон аянтчаны камсыздай аларын көрсөттү.
Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагынан да кеңири географиялык мейкиндикти камтыган мамлекеттердин башчыларынын ортосунда диалог жүргүзүүгө жана аны уюштурууга альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай алганын далилдеди", – деп белгиледи Эсен Усубалиев.