Эртеңден тарта өлкөдө Орозо айы башталат

Коом Загрузка... 18 Февраль 2026 11:20
WhatsApp Image 2026-02-18 at 10.53.14.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26 /Кабар/. Эртең, 19-февралда өлкөдө Орозо айы башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Анда белгиленгендей, 18-февраль Шабан айынын отузунчу күнү деп эсептелип, Орозо айынын биринчи күнү 19-февралга туура келүүдө.

Ошондой эле Египет, Иордания, Сирия, Ирак, Иран, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Индонезия, Бруней, Оман, Сингапур, Австралия, Япония, Пакистан, Индия, Малайзия жана Түштүк Корея өлкөлөрүндө 19-февраль Орозо айынын башталышы деп белгиленди.

Европа Фатва жана изилдөөлөр кеңеши да 19-февралды Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыялады.