Эртеңден тарта Буденный көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом Загрузка... 03 Январь 2026 17:44
IMG_5707.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 03.01.26. /Кабар/. 4-январдан 5-январга чейин Бишкектеги Буденный көчөсүнүн Жибек жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Куликовская, Славянская жана Рыбинский көчөлөрүндө канализация куруу иштери жүрүп жатат.

Буга байланыштуу жабылган жерде канализация куруу иштери жүргүзүлөт. Траншеянын орточо туурасы 1,2 метрди түзөт.