Эртең Энергетиктер шаарчасында суу өчөт

Коом 9 февраль 2026 12:00
1770613241_large.jpeg
1770613157.jpeg
Алдыга
Артка
1770613241_large.jpeg
1770613157.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Эртең Энергетиктер шаарчасында суу өчөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, эртең, 10-февралда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Энергетиктер шаарчасындагы турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу Лебединовка айылындагы "Тунук- булак" суу алуучу жайында авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.