Эртең Бишкектин түндүк тарабында суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 5 ноябрь 2025 09:40
1762261575_large.jpeg
1762261543.jpeg
Алдыга
Артка
1762261575_large.jpeg
1762261543.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Мэриядан билдиришкендей, суу Энесай суу алуучу жайында жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерде ичүүчү суу берүү токтотулат.
"Бишкексууканал" ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.