Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин дагы бир аймагында 14 саатка суу өчөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 4-декабрда саат 10:00дөн 24:00гө чейин Селекционное көчөсү – Муромская көчөсү – Биримдик көчөсү – Жайыл баатыр көчөсү менен чектелген аймакта суу болбойт.
Суу Д-250 мм суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.
"Бишкексууканал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.