Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 1 декабрь 2025 10:10
1658310488_large_730x0_730x0_730x0_730x0_1.730x0.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-01 at 09.32.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-01 at 09.32.20.jpeg
Алдыга
Артка
1658310488_large_730x0_730x0_730x0_730x0_1.730x0.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-01 at 09.32.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-01 at 09.32.20.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, эртең, 2-декабрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта ичүүчү суу берүү токтотулат:

  • Куйручук көчөсү - Молдокулов көчөсү
  • Ахунбаев көчөсү - Куйручук көчөсү.
  • ПНС-Молдокулов, 24/1.

Экинчи өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

  • Репин көчөсү - Алыбаев көчөсү - Термечиков көчөсү - Л. Толстой көчөсү.

Суу менен камсыздоо тармактарындагы авариялык калыбына келтирүү иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.

"Бишкексууканал" ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.