Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин батыш тарабында суу өчүрүлөт.
Мэриядан маалымдашкандай, суу Күнтуу трассасындагы Д-1000 мм суу алгычындагы аварияны жоюу, калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтойт.
Ага ылайык, 29-октябрда саат 08:00дөн 24:00гө чейин Достук конушу – ЖЭБ-2 – Ынтымак көчөсү – Көк-Асаба көчөсү – Көк-Жайык көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Б. Алыкулов көчөсү – Өмүр көчөсү – Муромская көчөсү – Селекционная көчөсү – Күнтуу унаа жолу көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчөт.
Бул жердеги турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана социалдык-тиричилик багытындагы объекттерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.