Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 10 ноябрь 2025 12:18
1762753631_large.jpeg
1762753617.jpeg
Алдыга
Артка
1762753631_large.jpeg
1762753617.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-ноябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү жана темир жол линиясы. Буга Алты-Ордо, Кара-Жыгач конуштары  жана Полиция шаарчасында суу берүү токтотулат.

Суу "Контррезервуар" суу алуучу жайындагы жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы  ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.