Чет элдик делегациянын келиши: Эртең жолдор убактылуу жабылат

Коом 18 май 2026 16:50
Чет элдик делегациянын келиши: Эртең жолдор убактылуу жабылат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, чектөөлөр 19-май күнү борбор калаага чет элдик делегациянын келишине байланыштуу киргизилмекчи.

"Кайгуул кызматы жарандарды жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.