Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот – карта

Коом 10 ноябрь 2025 17:16
Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот – карта

Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. 11-ноябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу жок болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакка берилбейт: Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү жана темир жол линиясы. Буга Алты-Ордо, Кара-Жыгач конуштары  жана Полиция шаарчасы кирет.

Анда турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.