Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

Коом 3 ноябрь 2025 09:03
1751367579_large.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
574265737_1287251420117376_3099518541602370631_n.jpg
Алдыга
Артка
1751367579_large.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
574265737_1287251420117376_3099518541602370631_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Эртең, 4-ноябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу болбойт.

Мэриядан билдиришкендей, турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек турак жай конуштары, саат 9:00дөн 22:00гө чейин.

Суунун өчүрүлүшү Ак-Жар жана Ак-Бата суу алуучу жайларындагы жана шаардык суу менен камсыздоо тармагындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

"Бишкексууканал" ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.