Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө боюнча жолдордун боюна мөмөлүү бактарды отургузуу демилгесин ишке киргизүүдө.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул демилге аймактарда жер кыртышынын эрозиясын азайтуу, жашыл инфраструктураны өнүктүрүү менен жол жээктерин бекемдөө максатын көздөйт.
Долбоордун алкагында ар бир райондордо болжол менен 1 чакырым узундуктагы негизги жол тилкелерине мөмөлүү бактар отургузулат. Облустардан алынган маалыматтарга ылайык, айрым аймактарда тийешелүү жер тилкелери аныкталып, 2026-жылы көчөттөрдү отургузуу иштерин баштоо пландалууда.
Мында, аймактык кыртыш-климаттык шарттарды эске алуу менен министрлик тарабынан даярдалган "2024-2028-жылдарга карата мөмө-жемиш, жүзүм жана жангактуулардын сортторун райондоштуруу" тизмелерин колдонуу сунушталат.
Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жол жээгине туура уюштурулган мөмөлүү бактар айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртып, мөмө-жемиш өндүрүүнү да көбөйтүүнүн эсебинен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө да салым кошот.
Учурда министрликтин адистери тарабынан көрсөтүлгөн демилгени ишке ашыруу үчүн министрлер кабинетинин тескеме долбоору даярдалууда.