Азык-түлүк коопсуздугу жана ветеринария: Көйгөйлөр талкууланды

Коом 4 март 2026 09:44
DSC09212.jpg
DSC09230.jpg
DSC09219.jpg
DSC09215.jpg
DSC09207.jpg
DSC09204.jpg
Алдыга
Артка
DSC09212.jpg
DSC09230.jpg
DSC09219.jpg
DSC09215.jpg
DSC09207.jpg
DSC09204.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр институттун материалдык-техникалык базасы, заманбап лабораториялары жана илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары менен таанышты. Ошондой эле ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Иш-чаранын алкагында адистер менен тармактагы актуалдуу маселелер, аларды чечүү жолдору жана илим тармагындагы көйгөйлөр талкууланды.

Эрлист Акунбеков өз сөзүндө ветеринария тармагын өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана инновациялык ыкмаларды өндүрүшкө киргизүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган институт республикадагы ветеринардык медицина боюнча алдыңкы илимий борборлордун бири. Ал жаныбарлардын, балыктардын, канаттуулардын жана аарылардын саламаттыгын коргоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоо, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк, биологиялык жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу багытында маанилүү милдеттерди аткарып келет.