Эрлист Акунбеков Чүйдөгү суу сактагычтардын абалы менен таанышты

Коом Загрузка... 01 Март 2026 14:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 01.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусундагы ирригациялык инфраструктуранын абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жумушчу сапардын алкагында министр Москва жана Жайыл райондорундагы Спартак, Ак-Суу (БДР), Кара-Балта жана Степнин суу сактагычтарын көрүп чыкты.

Текшерүү учурунда министр суу сактагычтардын долбоордук көлөмү ылай катмарларынан улам кескин азайганын белгиледи. Анын айтымында, аймактагы көпчүлүк объекттер акыркы 50 жылдан бери тазаланбай келген.

Белгиленгендей, долбоор боюнча 4 млн 300 миң куб метр сууга ылайыкталган суу сактагычта бүгүнкү күндө болжол менен 2 млн куб метр гана суу топтолууда. Бул көлөм 2100 гектар жерди сугарууга жетишсиз болуп жатат.

”Биздин негизги максат — жаңы курулуштарды баштоодон мурда, колубуздагы суу сактагычтарды тазалап, алардын долбоордук кубаттуулугун калыбына келтирүү”, — деп баса белгиледи Эрлист Акунбеков.

Сапардын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге ирригациялык тармакты модернизациялоо, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу жана суу сактагычтарды этап-этабы менен тазалоо боюнча тапшырмалар берилди.