Эреже бузгандарга эскертүү: Бишкекте 3 саатта 37 унаа эвакуацияланды

Коом 1076 10 Апрель 2026 10:55
1775793462 (1).jpg
1775793393.jpg
1775793449 (1).jpg
1775793401.jpg
1775793406.jpg
1775793412.jpg
1775793424.jpg
1775793432.jpg
1775793439.jpg
Алдыга
Артка
1775793462 (1).jpg
1775793393.jpg
1775793449 (1).jpg
1775793401.jpg
1775793406.jpg
1775793412.jpg
1775793424.jpg
1775793432.jpg
1775793439.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкекте күн мурун саат 06:00дөн 09:00гө чейин башаламан токтотулган унааларды тартипке келтирүү максатында рейд өттү.

Мэриядан маалымдашкандай, рейддин жүрүшүндө үч сааттын ичинде атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерлерге, таштанды челектердин алдына жана аялдамаларга токтогон 37 унаа эвакуацияланып, айып короого киргизилди.

Мындан тышкары, жашыл аймакка унааларын токтоткон унаалардын ээлерине жалпы суммасы 38 миң 500 сомду түзгөн 7 протокол түзүлдү.

Ошондой эле таштанды аянтчалардын жанына унаа токтоткондугу үчүн жалпы суммасы 6 миң сомду түзгөн 2 протокол түзүлдү.

Эскерте кетсек, унааны туура эмес токтоткондор үчүн 1000 сом айып пул каралган. Жеринде протокол түзүү 300 сомду түзөт, эвакуатор кызматтары — 1600 сом, ал эми жашыл аймакка токтоткондор үчүн 5500 сом айып пул каралган.