ЕРӨБ Бишкектин жылуулук тармагын модернизациялоого колдоо көрсөтөт

Коом 267 24 Июнь 2026 15:05
730084070_1187844356815406_2230151613587818092_n.jpg
728951556_1003685075954351_571606353227415934_n.jpg
730558921_1694174388499984_9131247037695676811_n.jpg
731105013_887925527011788_8012037362811621359_n.jpg
Алдыга
Артка
730084070_1187844356815406_2230151613587818092_n.jpg
728951556_1003685075954351_571606353227415934_n.jpg
730558921_1694174388499984_9131247037695676811_n.jpg
731105013_887925527011788_8012037362811621359_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бишкек менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) борбор калаанын борборлоштурулган жылуулук системасын модернизациялоо боюнча келишимдерге кол коюшканын Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Мэрия билдиргендей, долбоор ЕРӨБ жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 64 млн еврону түзөт.

"Программага жылуулук тармактарын, насостук станцияларды, отканаларды модернизациялоо, заманбап башкаруу системаларын жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды киргизүү, энергиянын кайра жаралуучу технологияларын колдонуу кирет. Долбоорду ишке ашыруу жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, энергиянын жоготууларын азайтууга, булгоочу заттардын эмиссиясын азайтууга жана борбордогу абанын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, келишимге 22-23-июнда Лондондо өткөн “Жашыл шаарлар” программасы боюнча өнөктөш шаарлардын мэрлеринин жолугушуусунда кол коюлду.

Иш-чарага шаар жетекчилери, эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү жана эксперттик коомчулук чогулуп, шаарларды туруктуу өнүктүрүү, инфраструктураны модернизациялоо жана шаарлардын экологиялык туруктуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.