Мугалим, дарыгерлердей эле бүгүнкү күндө энергетиктерге муктаждык жаралды. Учурда жашыл энергетикага басым жасалып жаткандыктан, бул тармакта жаңы технологияларды орнотуу жана монтаждоодо адистер керек. Биз бул ирет энергетика тармагында адистердин суроо-талапка ээ болуп жаткандыгы тууралуу айтып беребиз.

Кыргызстанда башка тармактардагыдай эле энергетика тармагында иштер кызуу жүрүүдө. Ондогон чакан жана ири ГЭСтер, күн жана шамал электр станциялары курулуп, инвесторлор менен биргеликте бир катар иштер жасалууда. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, буга байланыштуу кесипкөй адистер талап кылынат.

“Биз №100 кесиптик лицей менен биргеликте күн жана шамал станцияларында иштей турган энергетиктерди окута баштадык. Даярдалган адистерди жаңы жумуш орундары менен камсыздайбыз. Болжол менен энергетика тармагына миңдей адам жетишсиз. Ишке орношом дегендер биздин министрликке келсе, электр энергиясын өндүргөн станцияларга жумушка орноштурабыз”, - деди министр.

Курулуш жана инженерия компаниясынын жетекчиси, ишкер Жоодар Сайдилкан белгилегендей, ГЭСтерди, ошондой эле күн кубатынан электр энергиясын өндүргөн станцияларын куруу боюнча дагы адистешип, учурда биринчи 300 мегаваттык долбоорду ишке ашырып жатышат.

“Бүгүнкү күндө алты айдын ичинде күн станцияларын курууга мүмкүнчүлүктөр жогору. Жалаң эле чоң станцияларды курбай, чатырларга да күн панелдерин орнотсок болот. Ошентип биз электр энергиясынын кошумча кубатын пайда кыла алабыз. Долбоорлорубузду ишке ашырууда азыр 500гө жакын кызматкерлер иштейт. Күн панелдерин орнотуу боюнча бизге 100гө чукул адис жетишпей жатат”, - деди Жоодар Сайдилкан.
Учур талабына жараша мына минтип, энергетиктерге суроо-талап өсүүдө. Мындан улам башка тармактын адистери кесибин алмаштырып, энергетик болууга аракет көрүп жатат. Алардын арасында 22 жаштагы Имамидин Үмөталиев да бар.

“Мен буга чейин энергетика тармагында иштеген эмесмин. Өзүм юриспруденция боюнча жогорку билимим бар. Азыр энергетика тармагында иштөө үчүн 3 айлык окуу курсунан өтүп жатам. Мында күн жана шамал электр станцияларын куруу жана демонтаждоо иштери багытында кесипке ээ болууну чечтим. Жумуш берүүчүлөр кызыгып, бош орундар бар экенин айтып жатышат”, - деди ал.

Кадр жетишсиздиги маселесин чечүүгө Бишкек шаарындагы №100 кесиптик лицей салым кошуп баштады. Окуу жайдын директору Индира Куралбекова үч айлык курстардын алкагында окутуулар жүрүп жатканына токтолду.

“Биздин окуу жай энергетика тармагына жумушчу күчтү даярдап чыгарат. Азыр бизде 500гө жакын студент (9 жана 11-классты бүтүргөндөр) окуйт. Ширетүүчү, электромонтаж кылган адистерди, күн панелдерин орнотуучуларды кыска мөөнөттүү курстардан окутуп жатабыз. Курстардан өтүүгө 35 жаштан 55 жашка чейинки жарандарыбыздын мүмкүнчүлүгү бар. Муну менен дагы ишке жарамдуу калк кесипке ээ болууда”, - деди Куралбекова.