Азык-түлүк бааларын санариптик көзөмөлдөө киргизилиши мүмкүн

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 18:10
5a4fdce9d2830_vRltV.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бүгүн мининистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик платформасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

721349260_122214879866341273_8187631739945347744_n

Тараптар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рыноктогу бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүү жана маалыматтык камсыздоону өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

WFP өкүлдөрү райондук деңгээлде азык-түлүк товарларынын баалары боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана ыкчам мониторинг жүргүзүү үчүн иштелип чыккан санариптик платформанын долбоорун тааныштырышты. Платформа рыноктогу баа өзгөрүүлөрүнө өз убагында баа берип, тиешелүү чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтөт.

721951074_122214879992341273_2965260288478316287_n

Тараптар платформаны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, маалымат алмашуу механизмдерин жана азык-түлүк рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу маселелерин карашты. Жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги белгиленди.