Энергетикалык көз карандысыздыкка кадам. Баткенде күн электр станциясы курулат

Экономика 1138 25 Март 2026 12:55
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-25 at 12.40.04.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Баткенде күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "CECEP Solar Energy Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы кызматташтыкты жана инвестициялык портфелди кеңейтүүнү талкуулашты.

Учурда аталган компания Баткен облусунда "Ак-Татыр" күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда.

Жолугушууда заманбап энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу маселелери каралды.

Равшанбек Сабиров бул кызматташтык өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташууну өнүктүрүү жана энергетика тармагындагы конкреттүү долбоорлорду мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга макулдашты.