Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген комментарийинде, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин быйыл кышта Кыргызстан пландуу өчүрүүлөрсүз чыга алат деген пикирин колдоду.
Анын айтымында, эң маанилүү чечим — майнинг-фермаларды электр энергиясынан ажыратуу болгон.
«Алар мамлекеттин эмес, жеке кызыкчылыктары үчүн гана иштеп келишкен», — деп баса белгиледи адис.
Ошол эле учурда ал кабыл алынган чечимдер күз-кыш мезгилин салыштырмалуу жеңил өткөрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
«Майнингди толугу менен өчүрүү туура чечим болду. Менимче, бул кадамда Ташиевдин ролу чоң. Албетте, энергетика бул кадамдын айынан белгилүү бир кирешеден ажыроодо, бирок азыр эң башкысы — калкты, социалдык объекттерди, ооруканаларды, мектептерди жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу, ишканаларга энергия берүү.
Ташиев айткандай, эгер биз үнөмдүү болсок, анда пландуу өчүрүүлөрсүз эле чыга алабыз. Азыр кошумча кубат өндүрүү боюнча резервдерибиз чектелүү, бирок эң зарыл муктаждыктарды канааттандырууга жетиштүү болушу керек — болгону ысырапкордук болбошу шарт. Башкача айтканда, эгер биз сарамжалдуу болсок, анда кышкы суук мезгилди аварияларсыз жана олуттуу жарык өчүрүүлөрсүз өткөрө алабыз.
Демек, кырдаал катастрофалык эмес, бирок ал жоопкерчиликтүү мамилени талап кылат», — деп баса белгиледи Эрнест Карыбеков.