Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.
ТИМден билдиришкендей, тараптар Берлиндеги акыркы жолугушуулардын жыйынтыктарын жана "Борбор Азия – Германия" форматындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү сүйлөштү.
Министр кыргыз-герман мамилелери ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Биргелешкен долбоорлорго практикалык мүнөз берүү, өзгөчө энергетика, транспорт, логистика жана санариптештирүү тармактарында Германиянын бизнес чөйрөсү менен инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүгө басым жасалды.
Жолугушууда эмгек миграциясы, кадрларды даярдоо, билим берүү жана парламенттик байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралды. Ошондой эле тараптар санкциялык саясат боюнча пикир алмашты.
Моника Ленхард Германия өз ара пайдалуу диалогду улантууга жана кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.
Тараптар эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөнү макулдашты.