Энергетика министрлиги ГЭС жана ЖЭБдерди өнүктүрүү планын сунуштады

Коом Загрузка... 24 Февраль 2026 12:08
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.47 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Энергетика министрлиги Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026-жылга карата пландары менен бөлүштү.

Министр Таалайбек Ибраев төмөнкү пландарга токтолду:

  • "Камбар-Ата-1" ГЭС долбоору боюнча өкмөттөр аралык келишимди иштеп чыгуу;
  • Камбар-Ата-2 ГЭСине жогорку суу өткөргүч жайын куруу долбооруна кол коюу;
  • Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегатын модернизациялоо иштерин аяктоо;
  • Казарман жана Суусамыр — Көкөмерен ГЭСтеринин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана аяктоо;
  • "Кемин — Балыкчы 500" электр берүү чубалгысы боюнча ички процедураларды бүтүрүү, подрядчыны аныктоо жана долбоорлоону баштоо;
  • Кара-Кече ЖЭБинин долбоору боюнча инвестициялык келишимге кол коюу жана анын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;
  • Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын ишке ашыруу планын иштеп чыгуу;
  • "Чалдыбар" ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу.