Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги күзгү ным топтоонун маанилүүлүгүн белгилеп келет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, айрыкча карагат сыяктуу көп жылдык өсүмдүктөр үчүн күзгү сугаруу өтө зарыл. Себеби:
- тамыр системасы жакшы өнүгөт;
- кышты ийгиликтүү өткөрөт;
- эрте жазда тез өсүп, түшүм берет;
- топуракта ным сакталып, эрте кургап калуудан сактайт
Октябрдан жер тоңгонго чейин сугарса жакшы натыйжа берет. Аймакка жараша бул мезгил октябрь айынын ортосунан ноябрдын башына чейин уланат.
Белгиленгендей, ным топтоо өсүмдүктүн түшүмүнө чоң таасир берет. Демек, азыркы аракет — эртеңки түшүм.