Эмне үчүн документтин санариптик көчүрмөсү ишенимдүү? Юстиция министри түшүндүрдү

Коом Загрузка... 14 Май 2026 09:30
WhatsApp_Image_2025-07-11_at__is0jRXA.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Буга чейин Кыргызстанда документтердин сакталышы чоң коркунуч алдында болчу. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, маанилүү кагаздар райондук архивдерде бир гана нускада сакталып, аларды жасалмалоо, алмаштырып коюу же жоготуп алуу оңой эле. Бул өз кезегинде адамдар же компаниялар ортосундагы каалаган келишимди талашууга жол ачып, чексиз соттук териштирүүлөрдү жаратчу.

"Бүгүнкү күндө мындай талаш-тартыштардын саны ондогон эсеге кыскарды. Азыр ар бир нотариалдык документ санариптик көчүрмө менен корголгон, аны жасалмалоо мүмкүн эмес. Себеби, ал бир эле учурда бардык тараптарда: нотариуста, келишимдин катышуучуларында жана Юстиция министрлигинин тутумунда сакталат", - дейт Баетов.

Министрликтин маалыматы боюнча, мурда документтин түп нускасын текшерүү процедурасы түйшүктүү жана ишенимсиз болсо, заманбап санариптик чечимдер бул процессти бир эле басып коюуга (клик) чейин жөнөкөйлөттү. Эми ар бир документ уникалдуу QR-код менен жабдылган. Анын жардамы менен каалаган кызыкдар тарап жасалма документтерди колдонуу тобокелдигин четтетип, документти заматта текшере алат.

7

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө Юстиция министрлиги аймактардагы кагаз архивдерди жигердүү чогултуп, аларды санариптештирүүдө жана борборлоштурулган сактоочу жайга көчүрүүдө. Бул кош камсыздандырууну түзөт: эгер санариптик версияга шектенүү жаралса, ар дайым кагаз түп нускасын текшерүүгө болот. Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан тарта бардык ишеним каттар санариптик форматка өттү, эми аларды жасалмалоо техникалык жактан мүмкүн эмес.

"Айрым жарандар ири бүтүмдөрдү тариздөө мурдагыдай 10 мүнөттүн ордуна 20 мүнөт убакытты алып жатканына нааразы болушат. Бирок, кеп бизнес тууралуу болуп жатса, келишимиңизди кийин эч ким эч качан талаша албашына кепилдик алуу үчүн видеофиксацияга жана манжа издерин алууга ашыкча 10 мүнөт жумшаган артык", - деп түшүндүрдү Баетов.

Министрдин айтымында, мындай реформа жыйынтыгында жарандардын убактысын жана каражатын үнөмдөйт, анткени эми эч жакка баруунун кажети жок - көптөгөн кызматтар аралыктан жеткиликтүү болуп калды.