Эми унааларды техникалык кароодон өткөрүүнү Иш башкармалык көзөмөлдөйт

Коом Загрузка... 04 Февраль 2026 18:38
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралар тууралуу мурда кабыл алынган документке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын жарлыгында айтылат.

Ага ылайык:

  • 1-пунктта "Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасын” деген сөздөр "президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборду" деген сөздөргө алмаштырылсын;
  • 4-пунктта "Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "президенттин Иш башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
  • 5-пункт "Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөрдөн кийин "жана президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго" деген сөздөр менен толукталсын.

Документке ылайык, өзгөртүүлөр президенттин 2025-жылдын 31-декабрындагы №388 жарлыгына киргизилди. Алар техникалык кароодон өтүүгө мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, бааларды турукташтырууга жана калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.