Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда “Сот” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук билдирүү киргизилүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн-кеңешме өткөрүп, сот тутумун санариптештирүү алкагындагы жаңы функцияны тааныштырды. Эми соттук процесске катышуучулар отурумдун күнү, убактысы жана орду тууралуу расмий билдирүүлөрдү мобилдик телефондоруна же электрондук почталарына түз ала алышат.
“Электрондук билдирүү, эгерде тараптар уюлдук телефон номерин көрсөткөн болсо, система тарабынан автоматтык түрдө жөнөтүлөт. Бул механизм почта билдирүүлөрүн кол менен тариздөө түйшүгүнөн арылтып, сот аппаратынын кызматкерлерине болгон жүктөмдү азайтат”, - деди Нурлан Мусаев.
Пилоттук долбоордун артыкчылыктары:
- бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынат. Анткени, бир почта билдирүүсүнүн баасы болжол менен 127 сомду түзсө, бир электрондук билдирүүнүн баасы болжол менен 5 сомду түзөт.
- Билдирүү катышуучуга заматта жетет .
Белгиленгендей, соттук отурумдун алдында автоматтык түрдө эскертүү жөнөтүү функциясы ишке ашырылган, бул тараптардын келбей калуу учурларын азайтууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле, сотко чакыруу тууралуу бардык маалымат кадимки СМС же электрондук почтадагы кат аркылуу жеткиликтүү экендиги, жарандардын кагаз жүзүндөгү чакыруу кагаздарын алуу үчүн почта бөлүмүнө баруусунун кажети жоктугу айтылды. Тутумда билдирүүнүн жөнөтүлгөн так убактысы жана жеткирилген статусу катталат, бул процесстин катышуучуларынын укуктарынын корголушуна кепилдик берет.