Эми соода тармагындагы патентти онлайн тариздөөгө болот

Экономика Загрузка... 22 Июнь 2026 11:55
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу соода тармагындагы патентти алуу боюнча жаңы электрондук кызмат ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Патентти тариздөө үчүн cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алып, бир нече жөнөкөй кадамдарды аткаруу жетиштүү. Бул салык төлөөчүлөргө салык органдарына барбастан жана кезек күтпөстөн салык милдеттенмелерин аткарууга шарт түзөт.

Соода тармагындагы патентти онлайн кантип алууга болот?

  1. Салык төлөөчүнүн кабинетине кириңиз.
  2. "МСК менен кат алышуу" бөлүмүнөн "Соода тармагындагы патент" кызматын тандаңыз.
  3. "Арыздардын реестри" бөлүмүндө "Арыз түзүү" баскычын басыңыз.
  4. Салык төлөөчү тууралуу маалыматтарды толтуруңуз.
  5. Соода түйүнү тууралуу маалыматтарды киргизиңиз.
  6. Арызды сактаңыз.

Патент үчүн төлөм жүргүзүү тартиби:

  • арыздардын реестринен керектүү патентти таап, "Төлөө" функциясын тандаңыз;
  • ачылган төлөм графигинен төлөнө турган айларды белгилеп, "Төлөө" баскычын басыңыз;
  • система автоматтык түрдө төлөм коду менен QR-кодду чыгарып берет. Аларды колдонуп каалаган жеткиликтүү ыкма менен төлөм жүргүзсөңүз болот.

Белгилей кетсек, төлөм коду жана QR-код түзүлгөн күндүн түнкү саат 00:00гө чейин гана жарактуу. Эгер төлөм көрсөтүлгөн мөөнөттө жүргүзүлбөсө, арыз автоматтык түрдө четке кагылган арыздардын реестрине өткөрүлөт.

Төлөм келип түшүп, ийгиликтүү эсептелгенден кийин патент автоматтык түрдө күчүнө кирет.

Электрондук форматтагы патентти көрүү жана алуу үчүн аны арыздардын реестринен таап, жазуунун оң жагындагы "Аракеттер" баскычын басып, "Басып чыгаруу" функциясын тандаңыз.

Соода тармагындагы патентти кимдер ала алышат?

Патент төмөнкү соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлер үчүн жеткиликтүү:

  • базарларда жана кичи базарларда;
  • базардан тышкары жайгашкан соода түйүндөрүндө (дүкөндөрдө, павильондордо, күркөлөрдө жана башка соода объектилеринде).

Базардан тышкары соода жүргүзгөн ишкерлер патент алууда болжолдуу жылдык жүгүртүүнүн көлөмүн билиши керек. Анын өлчөмүнө жараша министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген патенттин тиешелүү ставкасы тандалат.

Патент алуу тартиби тууралуу кеңири маалыматты Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынан же аймактык салык органдарынан алууга болот.