Эми инвесторлор арыздарын электрондук түрдө бере алышат

Коом Загрузка... 24 Декабрь 2025 10:14
tunduk-prilozhenie_.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвестициялык инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатуу жана инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу максатында санариптик инструменттерди киргизүүдө.

Агенттиктен билдиришкендей, "Түндүк" ААК менен биргеликте "Инвестициялар" автоматташтырылган маалыматтык тутуму долбоору иштелип чыгып, 2026-жылы ишке киргизүү пландалууда.

Тутум "бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштейт жана өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүүнү, инвестициялык долбоорлорго онлайн-жеткиликтүүлүктү, маалыматтарды борборлоштурулган сактоону жана мамлекеттик маалыматтык тутумдар менен интеграциялоону камсыз кылат.

Жаңы тутум жол-жоболорду ачык-айкын кылып, инвестициялык чөйрөнүн ишенимдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Долбоордун үчүнчү этабы аяктады. Ал инвесторлор менен мамлекеттин ортосунда ачык-айкын жана ыңгайлуу санариптик кызматташтыкты түзөт.