Эми депутаттар көтөрүлгөн маселенин чечилишин көзөмөлдөй алат

Коом Загрузка... 29 Апрель 2026 12:20
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентте реформанын экинчи этабында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бул этапта бюрократиядан арылуу жана жаңы алынган аппараттардын сапатын, натыйжалуулугун арттыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Мисалы, депутаттарга берилген планшеттер ар бир көтөрүлгөн маселени камтыйт. Анан көтөрүлгөн маселе тиешелүү жактарга жеткирилдиби, иштердин аткарылып жатканы, процесстин кандай жүрүп жатканы тууралуу статус берилет. Башкача айтканда, мындан ары эл өкүлдөрү ар бир көтөрүлгөн маселени көзөмөлдөй ала турган функция киргизилип жатат", - деди ал.