Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. 1-июлдан тарта Бишкекте түнкүсүн дагы автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, түнкү автобустар бардык каттамдарга киргизилет жана алардын ортосундагы аралык болжол менен 40 минутаны түзөт.
"Азыркы учурда Асанбай – "Манас" аэропорту багыты боюнча автобустар түнкүсүн жүрүп жатат. Эми ушул тажрыйбаны бардык каттамдарга киргизели деп жатабыз. Түнкү каттам 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин болот жана 1-июлдан тартып накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин киргизилет", - деди ал.