Эмгек министрлигинин кызматкерлери кан тапшырышты

Коом 22 август 2025 14:50
535615382_1215171950652476_8851839241441012240_n.jpg
536016678_1215172250652446_2152135683676747991_n.jpg
536281405_1215173003985704_7594462807391871406_n.jpg
536285397_1215171960652475_9169811924497262526_n.jpg
537372392_1215171967319141_6746891905682077839_n.jpg
537481764_1215171970652474_1573292848602093171_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери Республикалык кан борборунда өткөн кан тапшыруу акциясына активдүү катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, акциянын максаты – кан куюуга муктаж болгон бейтаптардын өмүрүн сактап калууга көмөктөшүү.

Министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери бул маанилүү демилгени колдоп, өз салымдарын кошушту.

Кан тапшыруунун алдында бардык катышуучулар медициналык кароодон өтүштү.

Адистер белгилегендей, кан жана анын компоненттерин куюу жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап, оор абалдагы бейтаптардын жашоосун узартууга жана сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн.

Анын айтымында, кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш. "Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек", – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.